5.5Kпросмотров
87.0%от подписчиков
28 ноября 2024 г.
📷 ФотоScore: 6.0K
МАГА ЖАГАТ Мага жагат жылмайганың, күлгөнүң, Шайыр болуп, бир мүнөздө жүргөнүң. Жада калса көкүрөтөн бек кысып. Кучагыңда мени катуу сүйгөнүң. Жагат мага жай баракат басканың, Эрте туруп жумушуңа шашканың. Кылыктанып мага карап назданып, Назиктенип эркелеп сен жатканың. Дагы жагат сулуулугуң жүзүңдүн, Добуштары жайлап чыккан күлкүңдүн. Аалам сыры жашырылып койгонсуп, Жагып келет ирмелгени көзүңдүн. Жактырамын ак көңүлдүү мүнөзүң, Ашыгымсың бул дүйнөдө бир өзүң. Суусаганда кекиртекти кандырган, Болдуңго сен ууртап ичкен мүрөгүм. МАРЛИС ОСМОНАЛИЕВ
5.5K
просмотров
565
символов
Нет
эмодзи
Да
медиа

Другие посты @suiukuuJ

Все посты канала →
МАГА ЖАГАТ Мага жагат жылмайганың, күлгөнүң, Шайыр болуп, би — @suiukuuJ | PostSniper