334просмотров
29.3%от подписчиков
13 марта 2026 г.
Score: 367
ЖЫЛДАРДЫН ИЗИ Жылдар өтүп, мезгилдер агат узак,
Көпөлөктөр гүлдөрдөн алат кубат.
Ак жоолугун башынан кайра чечип,
Тоолор турат калбастан анда кулап.
Жашоо деген токтобой агат желдей,
Күндөн түнгө... кайрадан таңдан улап.
Бир жаз турат, бүгүн да бир күн сурап.
Бир жаз менден алыстайт, күлгүн курак... Кайрылганча мезгилдер өтөт тезден,
Жамгыр төгүп, көчөт да өсөт жерден.
Ээлеп алат карылык кайдан жайдан,
Оор күндөрдү жаш кезден өтөп келген.
Жаңы доор, адам жаңы, жаңы жолдор,
Бир кездеги көчө көйлөр бөлөк менден.
Бирөө кетип, а бирөө көмө берген...
Эх... тааныштар азайды көргөн элден. Кээде тагдыр сыноосун жайып салат,
Кээде бакыт эшик какпай, өзүң табат.
Жыгылганды тургузган да ошол турмуш,
Жоголгондо жол көрсөткөн эски сабак.
Кол кармашкан достор кайда, жаштык кайда?
Кайра келбейт учкан куштай ошол убак. Тирүү болсо жүрөк кайра жаз башталат,
Кар басса да гүл жыттанат тоолор тарап. Күн артынан күндөр өтөт, күндөр өтөт,
Ар бир ирмем үзүп койгон жиптей кетет.
Жоготкондун ордун баскан жаңы күнгө,
Жаңы адамдар, жаңы үмүт кошо жетет. Балким биз да бир күн калсак эскерилип,
Эски сүрөт... саргайган кат... үнсүз белек...
Жылуулуктар калып артта жашап кетсек.
Ошол гана өлбөс из да, чыныгы эмгек. Арген Болушов