690просмотров
46.8%от подписчиков
1 мая 2025 г.
Score: 759
Жөн гана элестетчи, тууганым!
Сен (тамеки, насвай, кальян, вейп ж.б.) чегип же (арак, вино, пиво ж.б.) ичип отурсаң, жаныңда үммөтүм деп көз жашын төккөн, биздин ар бирибиз үчүн түнү менен дуба кылган, күнөөбүз үчүн кабыргап, жанын курман кылган пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алейхи васаллам пайда болуп, сага мындай десе: Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ:
«Эй, үммөтүм! Эмнеге өзүңө зыяны тийчү, Аллах аркы дүйнөдө азап кыла турган нерселерди жасап жатасың? Эмнеге менин сүннөтүмдөн эмес, шайтанын жолун тандап алдың?» А сен болсо башыңды жерге салып:
«Жөн эле, жактырып...» — деп жооп бересиңби?.. Ошондо пайгамбырыз Мухаммад ﷺ дагы сага мындай десе:
«Сен ушул нерселерди мени жакшы көргөнүңдөн дагы катуу жакшы көрөсүңбү?..» Айтчы, тууганым, кантип жооп бермекчибиз?..