А
АКАДЕМИЯ ПРАВА
@academia_prava295 подп.
602просмотров
16 октября 2024 г.
Score: 662
ЖАШ АДВОКАТ МЕКТЕБИНЕ КАБЫЛ АЛУУ АЧЫЛДЫ! Жаш адвокат мектеби-бул юристтер үчүн өз квалификациясын жогорулатуунун, адвокат болуунун жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын реестрине (МКЮЖ) кирүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү. 🎓⚖️ Биз эмнени сунуштайбыз? ⭐️МКЮЖ алкагында адвокаттык ишти жүзөгө ашырууну каалаган юристтердин даярдык деңгээлин системалуу жогорулатуу. ⭐️Калктын сапаттуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү. Окутуу **8 айга созулат жана бир нече этапта өтөт: 1️⃣Окутуу жана стажировка үчүн жаш юристтерди тандоо 2️⃣Адвокаттын негизги көндүмдөрү боюнча окутуу (2 ай) жана лицензия алуу үчүн экзаменге даярдануу. 3️⃣Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кеңселеринде Стажировка (5 ай). 4️⃣МКЮЖ реестрине киргизүү. Бизге кошулуп, баарына сот адилеттигин камсыз кылган команданын мүчөсү бол! 💼⚖️ Окууну ийгиликтүү аяктагандан жана адвокаттык лицензияны алгандан кийин, программанын катышуучулары МКЮЖ системасында адвокат катары 3 жыл иштөөгө даяр болушу керек. Бул өлкө боюнча юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү кадам. 🌍 Катышуу үчүн шилтеме: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSeoXF_3wHnZK4TjHcXX0G-q5-MrBl1EYX9SdwLeYwUMFahlcA/viewform ☎️толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылыңыз: 0771643233 Толук маалымат менен: МКЮЖ жана АЮКК сайтынан таанышып аласыз. __ Жаш адвокат мектеби БУУӨП жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттүүлүгүнө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорлорунун колдоосу менен даярдалды. #АкыйкаттыккаЖол #ДоступкПравосудию #A2J #undpkg @undpkg
602
просмотров
1627
символов
Нет
эмодзи
Нет
медиа

Другие посты @academia_prava

Все посты канала →
ЖАШ АДВОКАТ МЕКТЕБИНЕ КАБЫЛ АЛУУ АЧЫЛДЫ! Жаш адвокат мектеби — @academia_prava | PostSniper